Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болуп 3-майда Абдыганы Эркебаев шайланды.
Буга чейин бул кызматты Кыргызстандын азыркы акыйкатчысы Токон Мамытов ээлеп келген. Бирок ал 2018-жылдын сентябрь айында акыйкатчы болуп шайланганда, өз арызын жазып 65 кишиден турган ассамблеянын кеңешине тапшырган соң Зухра Федакова Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрайымынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ассамблеянын жыйыны ар улутту чогултту
Бүгүн Токон Мамытов курултайга келип, отчет берген соң, кеңештин мүчөлөрү аны кабыл алып, Абдыганы Эркебаевди төрага кылып шайлады.
Азыркы учурда ассамблеянын кеңешинин курамы 55 кишиден турат.
3-майда Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгы белгиленди. Ага Кыргызстандагы ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү, президент Сооронбай Жээнбеков жана бийлик өкүлдөрү катышты. (BTo/KR)