«SpaceX» космоско жүк ташуучу кемесин учурду

«Falcon 9» ракетасы абага көтөрүлүп жаткан кези. 2-март, 2019-жыл.

Илон Масктын «SpaceX» компаниясы Эл аралык космос станциясына жүк ташуучу «Dragon» кемесин учурду. Учуу мезгили компаниянын «Youtube» сайтындагы каналында түз көрсөтүлдү. Жүк ташуучу кеме эл аралык космос станциясына тамак-аш жана илимий эксперименттерге керектелүүчү жабдыктарды жеткирет.

Март айынын башында «SpaceX» компаниясы учурган «Falcon 9» ракетасы эл аралык космос станциясына ийгиликтүү конуп, кайра жерге кайтып келген. Ал – космонавтика тарыхындагы кишини космоско жеткирүүчү алгачкы коммерциялык кеме.