Түндүк Македониядагы шайлоодо батышчыл талапкер алдыга чыкты

Стево Пендаровски.

Түндүк Македониядагы президенттик шайлоодо Социал-демократиялык партия колдоп келаткан талапкер Стево Пендаровски алдыга чыкты. Добуштардын 90% эсептелип бүткөндөн кийинки жыйынтык боюнча, Пендаровскини шайлоочулардын 52 пайызы колдогон. Анын атаандашы, улутчул оппозициянын талапкери Гордана Силяновска-Давкова добуштардын 44 пайызын алды.

Түндүк Македонияда жекшемби күнү шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Биринчи туру апрель айында болгон. Биринчи айлампада үч талапкер ат салышып, Пендаровски менен Силяновска-Давкова дээрлик теңме-тең добуш топтогон. 

Быйыл февралда Македония өз аталышын өзгөртүп «Түндүк Македония» болуп калган. Грекиянын өкмөтү 1991-жылдан бери Македониянын аталышына каршы чыгып, өз аймагында дал ушундай эле аталган аймак бар экенин, бул кийин жер талашка себеп болушу мүмкүн болорун билдирип келген.

Январдын соңунда Грекия өзүнүн коңшусу менен анын аталышы тууралуу бир чечимге жетишкен. Македонияны Түндүк Македония деп атоо тууралуу чечим эки өлкөнүн парламентинен тең колдоо тапкан. Узак жылдарга созулган талаш Түндүк Македония НАТО менен Европа Биримдигине кошулушуна жол ачкан.

Президенттикке талапкер 63 жаштагы консерватор, профессор Гордана Сильяновска-Давкова өзүн өзү көрсөткөнү менен аны ВМРО-ДПМНЕ оппозициялык партиясы (Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партия) колдоп жатат. Ал өлкөнүн аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүш үчүн Грекия менен сүйлөшүүгө каршы чыккандардын бири.

Стиво Пендаровски - өлкөнүн НАТОго кирүү маселеси боюнча координатору, бийликтеги социал-демократтардын колдоосуна таянат. Ал мурдагы эки президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болгон жана өлкөнүн аталышын өзгөртүүнү колдогон.

Азыркы президент Горге Иванов эки мөөнөткө президент болгону үчүн бул ирет талапкер боло алган жок.

Түндүк Македониянын Конституциясына ылайык, шайлоо өттү деп таанылышы үчүн шайлоочулардын 40%, башкача айтканда 1,8 млн. киши добуш бериши керек.