Орусияда кыргыз жараны таяк жеп каза тапты

Санкт-Петербург.

Орусияда кыргыз жараны токмоктолуп каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 3-майда Санкт-Петербург шаарында болгон. Каза тапкан адам Ысык-Көл облусунда туулган 30 жаштагы кыргыз жараны экени аныкталды. Ал бирөө менен чатакташа кетип, ур-токмокко кабылганы айтылды.

Кылмышка шектүү катары Орусиянын 27 жаштагы жараны кармалды. Ал күнөөсүн моюнуна алды.

Учурда сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү маселеси чечилип жатат. (RK)