Орусиянын Мурманск шаарында үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Камсыздандыруучулардын бүткүл орусиялык бирикмесинин башчысы жапа чеккендерге 2 миллион рубль бериле турганын айтты. Ал эми Мурманскинин бийлиги каза тапкандардын жакындарына 1 миллион рубль, жаракат алгандарга 500 миң бөлө турганын билдирди.
5-майда «Аэрофлот» компаниясынын учагы «Шереметьево» аба майданынан чукул конууга аргасыз болуп, күйүп кетти.
Орусиянын Тергөө комитети «Sukhoi Superjet» учагы кабылган кырсыкта 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү каза тапканын ырастады. Москвадан Мурманскка жөнөгөн учакта 78 адам – экипаждын 5 мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан.
Ал эми жаракат алган беш кишинин ичинен экөөнүн абалы оор экени кабарланууда.
Агенттиктер кабарлагандай, учактын «кара жашиктери» табылды. «Шереметьево» аэропорту чектелген режимде иштеп жатат.