Аба ырайы: Күн ысыйт

Иллюстрациялык сүрөт.

8-майда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет. 

Абанын температурасы: 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28; 

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 14…19; 

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28; 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31; 

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсун 2…7, күндүз 15…20; 

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус болот. 

8-майда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы: түнкүсүн 8…10°, күндүз 25…27° болот.