Баткенде айыл аймактын бюджетинен согуштун эки ардагерине автоунаа берилди

Баткендин Суу-Башы айылында ардагерлерге берилген автоунаалар. 8-май, 2019-жыл.

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 94 жаштагы Шергазы Сүйүнов менен 95 жаштагы Сейдакмат Таштемировго айыл өкмөтү тарабынан, 9-май - Улуу Жеңиш майрамына карата автоунаа тапшырылды. 

Салтанаттуу иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров катышып, ардагер аталарга белектерин ыйгарып, майрамдык каалоо-тилектерин билдирди. 

Баткен облусунан Улуу Ата Мекендик согушка 20766 киши аттанып, анын ичинен 14213 кайтып келген эмес. Учурда облус боюнча Ата Мекендик согуштун 19 ардагери бар. (JsA)