Трамп Кытайдын калган товарларына да салыкты көтөрөрүн эскертти

Дональд Трамп Флорида штатында. 8-май, 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп «соода боюнча сүйлөшүүлөрдө жетишилген келишимди бузду» деп Кытайды айыптады. Бул тууралуу ал шаршембиде Флорида штатында эл менен жолугушуп жатып айтты.

- Биз Кытайга карата бажы алымдарын жогорулатарыбызды жаңы гана жарыяладым. Кытай биздин жумушчуларды алдаганды, биздин жумуш орундарын уурдаганды токтотмоюнча биз чегинбейбиз, - деди Трамп. 

АКШнын Соода өкүлчүлүгү Кытайдын 200 млрд. долларлык товарына коюлган алымдар 10-майдан тартып 10-25% көтөрүлөрүн билдирүүдө. Бул Кытайдын вице-премьер-министри Лю Хэ Вашингтонго келип, соода сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жаткан күндөргө туш келет.  

АКШ 2017-жылы Кытайга 130 млрд. долларлык товар сатса, Кытайдын АКШга импорту 500 млрд. доллардан ашкан. Трамптын администрациясы ушундан улам «соодада адилетсиздик бар», «Кытай интеллектуалдык менчикти уурдап жатат» деп айыптап келет.

Былтыр Вашингтон кытайлык импорттун жарымына жакынына бажы алымын көтөргөн. Бээжин да ушундай эле жооп кылып, эки ортодо соода тиреши келип чыккан. Кошмо Штаттар Кытайдын калган товарларына да салыкты 10-25% көтөрүүгө убада берген. Өткөн жылдын аягында сүйлөшүүлөр башталганына байланыштуу бул убаданын мөөнөтү улам жылып келген эле.