Ысык-Ата милиция бөлүмүндө кармалып турган шектүү асынып алган

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайында үч күндөн бери кармалып турган 55 жаштагы шектүүнүн сөөгү 10-майда табылган. Асынып алган маркумдун жанынан туугандарынан кечирим сурап жазган каты алынган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча маркум небересине сексуалдык зомбулук аракеттерди кылган деген шек менен 7-майда кармалып, камакка алынган.

Анын үстүнөн өзүнүн кызы арызданып, кайрылган. (ZKo)