Бишкекте парламенттик шайлоонун кооптуу жагдайлары талкууланат

Иллюстрациялык сүрөт.

«Адилеттик үчүн» комитети «2020: кооптуу жагдайлар» аттуу тегерек үстөлдөрдүн айлампасын баштайт. 13-майда Бишкектеги «Достук» мейманканасында алгачкы жыйын уюштурулуп, шайлоо мыйзамдары талкууланат.

Уюштуруу тобунун мүчөсү Рита Карасартова «Азаттыкка» билдиргендей, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылган депутаттар өздөрүнүн долбоорлору менен тааныштырышат. Ага бийлик өкүлдөрү, саясатчылар жана жарандык коом чакырылган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялык тизменин негизинде шайлоо системасын реформалоо боюнча демилге көтөрүлүп, парламентте учурда бул боюнча ар башка мыйзам долбоорлору иштелип чыккан.

Биринде бирдиктүү шайлоо округунун принцибинде партияга жана анын тизмесиндеги ар бир талапкерге добуш берүү сунушталса, башкасында өлкөнү 13 шайлоо округуна бөлүп, партиялар өз талапкерлерин аймактык өкүлчүлүктүн негизинде көрсөтүү тартиби каралган. (SE)