Польшада улутчулдар АКШнын элчилигинин алдында митинг өткөрүштү

Митингден бир көрүнүш.

Миңдеген улутчулдар Варшавадагы элчиликтин алдында чыгып, Холокост убагында менчигинен ажыраган жөөттөрдүн үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүү тууралуу АКШнын мыйзамына нааразычылыгын билдиришти.

Демонстранттар АКШ Польшанын ишине кийлигишүүгө укугу болбогонун айтышты. Демонстранттар «Мындан ары Польшанын милдеттенмелери жок!» жана «Холокосттун чөөлөрү!» деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Митинг Польшада, Борбордук жана Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүндө антисемиттик билдирүүлөр күчөгөн учурда өтүп жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп 2018-жылы кол койгон мыйзам Холокост учурунда мүлкүн тарттырып жиберген жөөттөрдүн үй-бүлөлөрүнө менчигин кайтарууну жана кенемте төлөп берүүнү талап кылат.

1939-жылы фашисттик Германия Польшаны басып алгандан кийин анын аймагында миллиондогон адамдар, көбүнесе жөөттөр өлтүрүлгөн лагерлер жайгашып, иштеп турган. Алардын эң белгилүүсү - Освенцим да Польшанын аймагында болгон. Варшава ошол өлүм лагерлеринин «поляк лагерлери» деп аталышына каршы экенин билдирүүдө.