Алматы-Бишкек кан жолундагы кырсыкта тогуз киши каза болгонун Tengrinews.kz Алматы Полиция департаментине шилтеме кылып жазды. 12-майда эртең менен трассанын 109-чакырымында «Lada» жана «Toyota Camry» кагылышкан. Каза болгондордун үчөө аял.
«Каза болгондордун тек-жайы аныкталды. Алар Алматы, Чымкент шаарларынын, Түркстан жана Алматы облустарынын тургундары болгон», деп билдирди Алматы полициясынын басма сөз кызматы.
Баштапкы маалыматка караганда, «Lada» үлгүсүндөгү автомашина рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен. Факты боюнча экспертиза дайындалып, сотко чейинки тергөө башталды. (КЕ)