УКМК: Кадыркулов Шаиковалар менен жеке кызыкчылыгы үчүн жолуккан эмес

УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикованын билдирүүсү боюнча жооп берди. Атайын кызмат ал билдирүүдө «айтылгандар чындыкка дал келбейт» деп, муну жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалады. Мекеме чындыгында Алина Шаикова жана Дастан Догоев менен УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов расмий эмес түрдө жолугушканын ырастап, бирок мында эч кандай жеке кызыкчылык болбогонун белгилеген.

Ошондой эле УКМК ал расмий эмес жолугушуу боюнча кенен түшүндүрмө берген. Ага ылайык, 2013-жылы УКМК мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо коррупциялык коркунучу көп тармак экенин эске алып, «Учкун» ишканасынын базасында мамлекеттик типография түзүүнү сунуш кылган. Ошол кезде 280ден ашык мамлекеттик маанидеги документтер даярдалып жатканы белгиленген.

2014-жылы кыргыз өкмөтү атайын кызматтын өкүлү Идрис Кадыркулов мүчө болгон мекеме аралык жумушчу топ түзүп, мамлекеттик типографияны куруу боюнча изилдөө жүргүзүлгөн. Кыргыз өкмөтүнө орус өкмөтү жана швейцариялык «КБА НотаСис С.А.» компаниялары кайрылып, соода-экономикалык кызматташтыктын алкагында типографияны түзүүгө көмөктөшүү боюнча сунуштар түшкөн. «КБА НотаСис С.А.» компаниясы өкмөткө жогорку деңгээлде корголгон мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоону жолго коюу боюнча жардам берүүгө даяр экенин билдирген. УКМК аталган компания дүйнө жүзүндөгү алдынкы ишканалардан экенин белгилейт.

Бирок кыргыз өкмөтү менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Андан кийин 2018-жылы 6-декабрда жумушчу топтун мурунку мүчөсү катары Идрис Кадыркуловго «КБА НотаСис С.А.» компаниясынын аймактагы жетекчиси М.Полуянов жана ишкананын Кыргызстандагы өкүлү Т.Магамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери менен жолугушуу уюштурууну өтүнүшкөн. Анда компания өкүлдөрү мамлекеттик документтерди даярдоочу ишкана түзүү боюнча сүйлөшөрүн айтышкан. Бирок УКМКнын билдирүүсүндө расмий эмес жолугушууда Шаикова менен Догоев документтерди даярдоо боюнча ишкана түзүү өзүн актабай турганын айтып баш тартышканы айтылат.

Атайын кызмат учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери материалдык байлык топтош үчүн паспорт даярдоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова атайын кызматтын жетекчиси Идрис Кадыркулов кайсы бир компаниянын өкүлдөрү менен жолуктурганын жана жеке таарынычы бар экенин айтып чыккан. (TSh)