Карамушкина: Батукаевден башка да кылмыш тобунун өкүлдөрү чыгып кетүүдө

Ирана Карамушкина.

Кыргызстандын түрмөлөрүнөн канчалаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү бошоп, чыгып кетип жатат. Аларга байланыштуу тергөө-иликтөө жүргүзгөн эч ким жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын кармалышына байланыштуу айтып жатып билдирди:

- Азыр гумандуулук боюнча мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Динара Сагынбаеванын кармалышы гумандуулукка жатпайт. Ал Улуттук госпиталдын жетекчиси. Тергөө чындыкты таап, ким буюртма бергенин аныктайт деп ишенем. Жети жыл мурда болгон окуя, эми «Батукаев өлгөн жок» деп анын артынан түшүп жатышат. Сиздер билесиздерби, Кыргызстандан канчалаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү чыгып кетип жатат? Ким кандай негизде бошотулганын эч ким териштирген жери жок. Аял депутат катары Сагынбаеванын бөгөт чарасын карап, тилкат менен чыгаруу тууралуу кайрылам.

ИИМ мурдагы министр Динара Сагынбаева Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алынганын 15-майда билдирген. Сагынбаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан бошотулушу боюнча суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган. Аны менен кошо Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камалган.

Кармалгандар коррупцияга аралашкан, документтерди жасоого жана кызматтык жасалмалоого катышкан деп шек саналууда. Кылмыш иши боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында беш дарыгер кармалып, экөө үй камагына чыгарылган. (КЕ)