«Айыл банктын» мурдагы башчысы кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

«Айыл банктын» мурдагы жетекчиси Мурат Акимов кармалып, бирок 15-майда Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады. 

Буга чейин маалымат каражаттары Акимов банктагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат  (Финансы полициясы) тарабынан кармалганын жазышкан. «Азаттык» Акимовго козголгон кылмыш иши боюнча кененирээк маалымат алыш үчүн аталган мекемеге кайрылды. Финансы полициясынын басма сөз кызматы бул маалыматты тактап жатканын билдирди. (TSh)