Казакстанда бир күндө үч бала терезеден кулап түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда бир күндө үч бала көп кабат үйдүн терезесинен кулап түштү.

КазТАГ агенттигинин маалыматына караганда, 17-майда Павлодар облусунда экинчи кабаттан үч жана бир жашар наристелер кулаган. Азыр алар ооруканада.

Ушул эле күнү Өскемен шаарында беш кабат үйдүн экинчи кабатынан беш жашар бала кулап түшкөн. Ал да ооруканада жатат.

Полициянын айтымында, кырсык балдардын жанында эч ким жок учурда болгон. (RK)