Анкара менен Москва биргелешип С-500 абадан коргонуу системасын иштеп чыгууну пландап жатат. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди.
Анын айтымында, Түркия Орусиядан С-400 комплекстерин сатып алууну да өз убагында баштайт.
Ошол эле маалда түрк армиясы америкалык Ф-35 аскердик учактарын да алат.
Москва менен Анкара 2,5 миллиард долларга төрт С-400 комплексин сатып алуу тууралуу макулдашууга 2017-жылы кол койгон. Анда абадан коргонуу системасынын алгачкылары Түркияга 2020-жылы жазында жеткирилери жазылган. Бирок кийинчерээк тараптар бул мөөнөттү 2019-жылдын июлуна жылдырган.
Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылып келет. АКШ НАТО өлкөлөрү үчүн өндүрүлгөн Ф-35 аскердик учактары тууралуу жашыруун маалыматтар Кремлдин колуна тийип калышы мүмкүн деп тынчсызданууда.
АКШ ошондой эле С-400 америкалык Patriot системасынан айырмаланып, НАТОнун абадан коргонуу системасына ылайык келбей турганын белгилеген. АКШ Сенатында эгер Түркия С-400 системаларын өз аймагына жайгаштырса, анда ага каршы санкциялар киргизиле тургандыгы да айтылган.