Ошто түрк тилдүү мамлекеттердин акындарынын айтышы өтөт

"Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык салтанатында тартылган сүрөт. 20-апрель. 2019

Ош шаарында азербайжан элинин белгилүү акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата түрк тилдүү мамлекеттердин акындарынын поэзия кечеси өтөт.

Иш-чара Кыргыз-Өзбек университетинде болот. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага катышуу үчүн 19-майда Түркия, Азербайжан, Македония, Өзбекстан, Казакстан, Якутия, Башкыртстандын акындары жана Түркиядан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин келди.

Аларды "Ош" эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. (КЕ)