«Коммерсанттын» журналисттери: Орусия сөз эркиндигине татыктуу

20-май күнү кечинде «Эхо Москвы» сайтында «Коммерсантъ» басылмасынын журналисттери кесиптештери Иван Сафронов жана  Максим Ивановго тилектештик иретинде билдирүү таратышты:

««Ъ» жамааты «Коммерсантъ» Орусиянын саясаты тууралуу белгисиз мөөнөткө чейин маалымат бере албай турганын окурмандарга кабарлап коюуну милдет деп эсептейт. Окурмандар, өнөктөштөр жана жарнама берүүчүлөр бир катар ички саясий окуялар тууралуу сапаттуу жана калыс маалымат ала албай калышат. Мындай абал канчага чейин созуларын билбейбиз. Мындай аргасыз тыныгуу 30 жылдык тарыхы бар басма үйүндө биринчи жолу болуп жатат. Окурмандарыбыздан кечирим сурайбыз.

Балким, окурмандарыбыздын арасында басма үйүнүн акционерлерине Орусиядагы эң мыкты ММКлардын биринин ишин бузуп жатканын айткандар табылар. «Ъ» иши жалпы коомчулук жана өлкө үчүн маанилүү. Муну кыска мөөнөттүү саясий дивиденддер үчүн бузуп жаткандар Орусиянын тарыхын начар билишет. Биздин өлкө мыкты келечекке, сөз эркиндигине татыктуу деп ишенебиз».

Буга чейин «Коммерсантъ» гезитинин саясат бөлүмүнүн кызматкерлери Валентина Матвиенко жөнүндөгү макала үчүн эки кабарчы жумуштан бошотулгандан кийин иштен кетүү боюнча арыз жазганын кабарлашкан. Алардын арасында гезитте 90-жылдардын башынан бери иштегендер бар.

Ага чейин «Коммерсанттын» атайын кабарчысы Иван Сафронов жана саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Максим Иванов Федерация Кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенконун кызматтан кетиши ммкн экендиги жөнүндө макаладан кийин жумуштан бошотулган. Чечимди акционер кабыл алганы кабарланган.

Макаланын авторлору мамлекеттик кызматтагы өз булактарына таянуу менен Матвиенко азыркы кызматын тапшырып, Пенсиялык фондго кетерин жазган. Федерация Кеңешине Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин барышы ыктымал экени айтылган.

Бирок Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Матвиенконун кызматтан кетери тууралуу кабары жок экенин билдирген.

«Коммерсанттын» башкы директору жана башкы редактору Владимир Желонкин редакция Иванов жана Сафронов менен коштошконун, алар редакциялык саясатты бузганын белгилеген.

«Коммерсанттын» башкы редакторунун орун басары Рената Ямбаеванын айтымында, журналисттерди жумуштан бошотуу жөнүндө чечимди басма үйүнүн ээси Алишер Усманов кабыл алган.

Алишер Усмановдун өкүлү ишкердин журналисттердин бошотулушуна тиешеси жок экенин жана редакциялык саясатка кийлишпей турганын билдирди.