Жолдубаева: Атамбаев саясаттан кетпейт

Алмазбек Атамбаев.

Асел Кодуранова жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаев саясаттан кетпей турганын маалымдады.

Жолдубаеванын айтымында, Атамбаев экс-президенттин ишмердүүлүгү боюнча кабыл алынган мыйзамга ылайык гана партиянын төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кеткен.

«Ал КСДПны жаш өнөктөштөрүнө өткөрүп берди. Бирок саясатта өзүнүн миссиясын аягына чыгара элек. Андыктан экс-президент саясий кеңеште буга чейинки саясий билдирүүлөрүнөн баш тартпай турганын жарыялады», - деди Кундуз Жолдубаева.  

Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана курамынан кеткен. Экс-президент мындан тышкары партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тарткан. Анын ордуна төраганын орун басары Асел Кодуранова КСДПнын саясий кеңешинин 25-майдагы жыйынында шайланган. (TSh)