Сот аткаруу ишиндеги тажрыйбалар талкууланат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн, 28-майда «Данакер талкуу» деген иш-чара өтөт. Анда сот тармагындагы Молдова менен Украинанын тажрыйбасы, Кыргызстандагы абал ортого салынат.

Эл аралык юридикалык өнүгүү уюму уюштурган талкууга жергиликтүү жана эл аралык эксперттер катышат.

«Данакер талкуу» – Кыргызстандагы мыйзамдуулук маселесин талкуулаган өз алдынча аянтча. (NT)