Маалыматтык технологиялар комитетине Догоевдин талапкерлиги каралат

Дастан Догоев.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бүгүн, 28-майда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисинин кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин карайт.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Догоевдин талапкерлигин бул орунга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн. Мекеменин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Дастан Догоев буга дейре Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. Учурда президенттин коомдук кеңешчиси. Анын ысымы быйыл февралда ачыкка чыккан паспорт жана тендер чырында аталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) күбө катары сурак берип чыкканы белгилүү. (NT)