Жалал-Абаддын мэри катышты деген аудио текшериле баштады

Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев аралашты деген Интернеттеги аудионун чоо-жайы текшерилип жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.

Мекеме аудио боюнча тактоо иштери бүткөндөн кийин маалымат берилерин кабарлады.

Интернетте 28-майда тараган аудиодо эки киши журналисттерди уят сөздөр менен сөккөнү, алардын шаарда жасалган иштер жакшы чагылдырылбай жатканын айткандары жазылган.

Алар Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев менен Сузак районунун акими Эрмек Омошев болушу мүмкүн деген маалыматтар айтылган. Сузак районунун акими аудио тууралуу комментарий бере элек. (RsK)