«Челси» Европа лигасынын чемпиону болду

Футболдун күйөрмандары. Баку. 29-май, 2019-жыл.

Азербайжандын борбору Баку шаарында футбол боюнча Европа Чемпиондор лигасынын финалдык оюндары 29-майдын түнү аяктады. 

Анда британиялык  «Челси» жана «Арсенал» клубдары таймашты.

Жалпы эсеп 4:1 менен жыйынтыкталып, «Челси» быйылкы Европа кубогунун жеңүүчүсү аталды. Ал эми чечүүчү таймашты уттурган «Арсенал» Чемпиондор лигасына жолдомодон куру калды.

Европа лигасы - клубдар арасында белдүү кубоктордун катарына кирет. Аны уткан команда Чемпиондор лигасына түз жолдомо алат. (SDz)