Баткенде сел жүрдү (видео)

Баткен. 3-июнь, 2019-жыл.

Баткен шаарында сел жүрдү. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдагандай, кечке жуук нөшөрлөп жаан жаап, анын айынан сел башталды. 

Шаар ичиндеги айрым ички жолдор жабык турат. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Синоптиктер 1-5-июнда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы болуп, кээ бир аймактарда жаан катуу жаай турганын эскертишкен. (JsA)