Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үй сүрдүрүлө баштады

Ошто сүрдүрүлүп жаткан үйлөрдүн бири.

Ошто курулушу мыйзамсыз деп табылган көп кабатуу үй бир айдын ичинде сүрдүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов «Азаттыкка» билдирди.

Апсамат Масалиев проспектисинин №64 дарегинде курулуп жаткан үйдү  4-июнда мэрия атайын техниканын жардамы менен сүрдүрө баштаган. 12 кабатка пландалган имараттын төрт кабаты тургузулган болчу. 

Пирматовдун айтымында, үйдү салып жаткан «Евростиль» компаниясы курулушту бузуу жана ал жердеги техникасын, курулуш материалдарын алып чыгып кетүү үчүн мөөнөт сурады. 

Үйдүн курулушу мыйзамсыз экенин Ош шаардык соту аныктап, аны сүрдүрүү жөнүндө чечим кабыл алган. Облустук сот да бул чечимди күчүндө калтырган. Мэрия «Евростиль» курулуш компаниясына бир нече жолу эскертүү бергени, андан эч кандай майнап чыкпаганы айтылган. 

Расмий маалыматка ылайык, учурда калаадагы мыйзамсыз курулуштардын саны отузга чукул. Алардын баарын чара көрүлөрү айтылууда. (MdN)