Төмөнкү Орокто кармалгандардын жакындары милиция имаратынын алдына чогулду

Төмөнкү Орок айылы. 5-июнь, 2019-жыл.

Чүйдүн Төмөнкү Орок айылында кармалгандардын туугандары Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына чогулууда. Жыйынга болжол менен 30дай адам барды.

Бүгүн айылда өспүрүмдөр арасында мушташ чыгып, эки бала ооруканага түшкөн.

Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси боюнча катталып, эки адам шектүү катары милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Алардын бири 15те, экинчиси 23тө.

Мындан тышкары 31 адам шектүү катары райондук милициянын имаратында кармалып турат.

Ички иштер министрлиги райондо абал туруктуу экенин билдирүүдө. (RK)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ороктогу жаңжалга эмне себеп болду?