Улуттук илимдер академиясында институт директору шайланат

Улуттук илимдер академиясынын башкы имараты.

Бүгүн, 6-июнда Улуттук илимдер академиясынын Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунда директор шайланат.

Мекеменин маалыматына караганда, эки адам талапкерлигин койгон. Алар – директордун милдетин аткарып жаткан Нур Саралаев жана укук бөлүмүнүн башчысы Алмаз Токтогулов.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген.

Академиянын 39 анык мүчөсү, 49 мүчө-корреспонденти жана сегиз чет өлкөлүк мүчөсү бар.

Буга чейин парламентте мекеменин иши тууралуу маселе көтөрүлүп, Кыргызстан эгемендик алгандан бери академияга мамлекеттен бир да буюртма түшпөгөнү айтылган. (RK)