Кадамжай районунун акими кызматынан кетти

Кадамжай району.

Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы – Жаныбек Исаков берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Жаныбек Исаков аталган кызматка 2017-жылдын июнь айында дайындалган.

Мунун алдында Баткен облусунун Айдаркен шаарынын мэри Мухубилла Мумбаев да берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган. (ErN)