Атамбаев: Кулматов менен Исаков "Райым миллионго" байланыштуу камалышты

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун бийлиги өзүнө ыңгайсыз адамдарды камап жатканын айтты.

8-июнда Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкекте уюштурган митингде сүйлөп жатып, баш калаанын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камалышы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун кызматтан алынышына байланыштуу экенин айтты. 

Атамбаев Жээнбековдун бийлиги тууганчылдыкка бет алганын айтып, бийликти коррупцияга каршы тандалма күрөш жүргүзүп жатканын сындады. 

"Унчукпай турба! Үн кат!" деген ураан менен уюштурулган митингге Атамбаевден тышкары, партиянын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова, парламенттин депутаты Анвар Артыков өңдүү саясатчылар да катышууда. Уюштуруучулар миңден ашуун, байкоочулар миңге чамалуу адам келгенин билдиришти.

Партиядан кабарлашкандай, "Медиа форум" имаратынын алдындагы митинг «азыркы бийлик жемкорлукка каршы бирдей күрөш жүргүзбөй, Атамбаевдин тарапташтарын, оппозициялык көз карашы бар жарандарды куугунтуктап жатат» деген өңүттө уюшурулду. (SE)