NASA космоско саякат уюштурат

АКШнын космос агенттиги (NASA) каалоочулар үчүн Эл аралык космос станциясына коммерциялык саякат уюштурат. Бул тууралуу 7-июнда расмий кабарланды. 

Туристтин Эл аралык космос станциясындагы бир күндүк саякатка жана ал жерде коммуналдык кызматтарды колдонууга бир адам 35 миң АКШ долларын төлөшү керек. Ал эми станцияга барып-келүүгө өзүнчө акы алынат. 

Туристтерди космоско Илон Масктын "SpaceX" компаниясы жеткириши мүмкүн экени айтылууда.