Поезд коюп кеткен адамдын тек-жайы такталбай жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Сокулук районунда поезд коюп кетип каза тапкан эркек кишинин тек-жайы такталбай жатат. Кырсыктан улам маркумдун бети-башы таанылгыс абалга жеткен. 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 6-июнга караган түнү болгон. Иликтөө иштери уланууда. 

Сөөк Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун өлүкканасына жеткирилген. 

Маркум орто бойлуу, болжол менен 40-45 жашта. Үстүндө ак футболка, көк жынсы шым, көк кроссовка, ак байпак жана күрөң куру болгон. 

Сурап-билүү үчүн телефон: (0312) 35-12-70, (0702) 10-27-02, (0701) 35-12-70. (SE)