Казакстандагы «Коомдук пикир» институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, «бийликтин талапкери» Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70,13% алды. Бул тууралуу уюмдун башчысы Айнур Мажитова Нур-Султан шаарында өткөн жыйында билдирди. «Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, оппозициянын талапкери Амиржан Косанов 15,39% добуш менен экинчи орунда. Жалгыз аял талапкер, «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Еспаевага шайлоочулардын 5,32% добуш берген.
Байкоочулар 30 жыл бою өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо жети талапкердин ичинен утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев жеңип чыгаарын боолголоп жатышкан.
Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүздөгөн адамдар кармалды.