Орусия аннексиялап алган Украинанын Крым аймагында Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү татарлардын үйлөрүндө рейддерди жүргүзүп, алардын айрымдарын кармап кетишти. Тергөөнүн маалыматына караганда, ФСБ өкүлдөрү сегиз кишини кармашты. Алар «Орусияда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун ишмердигине аралашкан» деп шек саналып жатат. Ушундай эле тинтүү март айында да уюштурулуп, анда 23 киши кармалган.
Крым татарларынын активисттери мындай жүйө менен орус бийлиги аларды кысымга алып жатканын билдирип келатышат.
Ушуну менен 2014-жылдан бери орус бийлиги аталган уюмга тиешеси бар деген кине менен алтымыштай Крым мусулмандарын камакка алды. «Мемориал» укук коргоо уюму кармоонун баарынын саясий мүдөсү бар деп тааныган. Укук коргоочу уюмдар менен Батыш мамлекеттери орус бийлигинин мындай операцияларын «репрессия өнөктүгү» деп сындашкан.