Футбол: Кыргызстан Палестинага гол киргизип, эсепти ачты

Футболчу Турсунали Рустамов.

Кыргызстандын футболчусу Турсунали Рустамов 31-мүнөттө Палестинанын дарбазасына гол киргизип, эсепти ачты.

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Палестина менен ойноп жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Күйөрмандар: «Гол тээп койчу бир кайра»

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө башталды.

Бул Кыргызстандын курама командасынын Азия кубогунан кийинки өз талаасында өткөрүп жаткан алгачкы беттеши.

Буга чейин Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары өз ара беш жолу беттешип, эки ирет тең ойношсо, эки ирет Кыргызстандын жеңиши менен аяктап, бир жолу жеңиш Палестинанын курама командасы тарабында болгон.