Исаев: Атамбаев боюнча демилгени өз колубузга алалы

Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишине парламент баа бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 12-июнда жалпы жыйында сүйлөп жатып айтты:

- Башкы прокуратура, Финполиция, Ички иштер министрлиги тиешелүү иш алып барбай жатса, Жогорку Кеңеш демилгени өз колуна алып, мурунку президент Атамбаевге тиешелүү баа бериши керек.

Исаев Атамбаевдин 8-июнда өткөн митингде сүйлөгөн сөздөрү боюнча өз пикирин айтып, кескин сынга алды.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган.

Азырынча депутаттын билдирүүсүнө мурдагы президент тараптан комментарий боло элек. (RK)