Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү адам Бишкектеги №1 тергөө абагынын эркектер кармалуучу режимдик корпусунда отурат жана Аида Салянова жакка өтө албайт. Бул тууралуу бүгүн 12-июнда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады.
Ал эми Аида Салянова аялдар кармалуучу режимдик корпуста, аны менен кошо бир бөлмөдө уурулук үчүн кармалган 27 жаштагы келин отурат.
«Салянованын жанындагы аял - киши өлтүрүү үчүн айыпталган келин» деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген мекеме анын коопсуздугу толук камсыз кылынганын, күнү-түнү видеобайкоо жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаев түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошонуп кеткенине байланыштуу кайра тергеле баштаган кылмыш ишинин алкагында 3-июнда кармалган. Ал күнөөсү жок экенин айтууда.
12-июнда шаардык сот анын бөгөт чарасын карап, тергөө абагында калтырды.
Салянованын иниси Улан Салянов 2017-жылы өлтүрүлгөн. (RK)