Кытай лидери Бишкекке келди

Си Цзиньпиң.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң Бишкекке мамлекеттик сапар менен келди.

«Манас» аэропортунан аны мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

13-июнда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, бир катар документтерге кол коюлат жана бизнес-форум уюштурулат.

14-июнда Кытайдын лидери Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышат. (RK)