АКШнын Географиялык аталыштар боюнча кеңеши Украинанын борбор шаарынын жазылышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алды. Мурда ал Kiev болсо, мындан ары Kyiv болуп жазылат. Шаардын аталышы эл аралык дайындар базасында 17-июнда чечим күчүнө киргенде өзгөрөт.
«Бул өтө маанилүү чечим. Ал Украинанын баш калаасынын расмий аталышын эл аралык каттамдарда, дүйнө жүзүндөгү бардык чет өлкөлүк аба майдандарында да өзгөртүүгө түрткү болот. Себеби эл аралык уюмдар, анын ичинде Авиациялык транспорт боюнча эл аралык бирикме (IATA) АКШнын Географиялык аталыштар боюнча кеңешинин базасындагы расмий аталышка шилтеме кылып келишкен», – деп айтылат Украинанын АКШдагы элчилиги «Фейсбукта» жарыялаган билдирүүдө.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги 2018-жылдын октябрынан бери өнөктүк жүргүзүп келатат. Анын алкагында чет өлкөлүк медиа каражаттарына, уюмдарга жана өкмөттөргө Kiev эмес, Kyiv деп жазууну өтүнүп келет.