Беларус президенти менен Пакистандын премьер-министри Бишкекке келди

Александр Лукашенкону Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан Кыргызстанга келди. 

Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, «Манас» эл аралык аэропортунан Лукашенкону кыргыз өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, Ханды вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

Мунун алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келген. Кечээ Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кытайдын лидери Си Цзиньпиң Бишкекке келип түшкөн.

ШКУнун саммити Бишкекте 14-июнда өтөт. Ага Кыргызстанды кошкондо 12 өлкөнүн президенттери катышат. (ErN)