АКШ Оман булуңундагы чабуул үчүн Иранды айыптады

Чабуулга кабылган такер.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Оман булуңунда эки кемеге жасалган чабуул үчүн Иранды айыптады.

13-июнда болгон бул окуя эки өлкө ортосунда дипломатиялык чыңалуу күчөп турган чакта катталды.

Помпео бул ишке Иран айыптуу деген бүтүмгө чалгын кызматынын маалыматтары менен таанышкандан кийин келгенин билдирди:

- Ирандагы режим биз тараптан жасалып жаткан басымды азайткысы келет. Бир дагы экономикалык санкция Ирандын бийлигине бейкүнөө адамдарга кол салуу, мунайдын дүйнөлүк базарын бузуу жана ядролук коркутуп-үркүтүүгө катышуу укугун бербейт.

Иран Вашингтондун бул айыптоолорун четке кагууда.

“Кимдир бирөө Ирандын эл аралык коомчулук менен мамилесин бузгусу келип жатат” деп билдирди өкмөттүн өкүлү.

13-июнда Оман булуңунда мунай ташыган эки кемеге чабуул жасалган. Ошол эле күнү мунайдын дүйнөлүк баасы 4% жогорулаган. (RK)