USAID Кыргызстандын ооруканаларына гуманитардык жардам тапшырат

Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстандын ооруканаларына жана социалдык мекемелерине гуманитардык жардам бөлдү.

75 тонна азык-түлүк бүгүн, 14-июнда кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.

Аны жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен бирге республиканын бардык аймактарына бөлүштүрүп беришет.

Жасмык азыгы кургак учук ооруканаларына, карылар жана балдар үйлөрүнө, мектеп-интернаттарга, жалпысынан 114 мекемеге таратылат.

2006-жылдан бери USAID агенттиги Кыргызстанга 844 тонналык гуманитардык жардам көрсөттү. (RK)