Албек Ибраимовдун «Күнөстүү жээк» боюнча ишин жабуу боюнча өтүнүчү четке кагылды

Албек Ибраимов.

Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы мэр Албек Ибраимовго карата козголгон «Күнөстүү жээк» пансионаты боюнча кылмыш ишин жабуудан баш тартты.

Мындай өтүнүч менен сотко бүгүн 17-июнда Ибраимовдун адвокаты кайрылган. Ал пансионат сатылган учурда Ибраимов «Дастан» ишканасында жетекчи болбогонун далил катары келтирген.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Ал айыптоолордун баары негизсиз экенин айтып келет. (RK)