Суусамырда үч жашар наристени издөө бүгүн да уланууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө үч жашар наристени издөө иштери бүгүн да уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя Суусамырдын Биринчи Май айылында 2-июнда болгон.

Ата-энесинин айтуусуна караганда, бала сууга агып кетиши мүмкүн.

16-июнда 35 куткаруучу тартылып, Жумгал районунда Көкөмерен дарыясын бойлой издөө иштерин жүргүзүшкөн, натыйжа болгон жок. (RK)