Адвокат: Зордуктоого шектүү сот кызматкерлери ишти атайын создуктурууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта сот аткаруучулардын зордугуна кабылганын айткан келиндин адвокаты соттолуучу тарап ишти атайын создуктуруп жатат деп эсептейт. Мындай пикирин бүгүн 17-июнда «Азаттык» радиосуна жабыркаган тараптын адвокаты Аким Маликов билдирди.

Анын айтымында, соттолуучулардын адвокаты иштин материалдары менен таанышуу үчүн кошумча убакыт сурап, бүгүнкүгө белгиленген отурум 1-июлга калды.

- Соттун чечими бүгүн да чыккан жок. Соттолуучу тарап атайылап создуктуруп жатат. Адвокаты келген жок, - деди ал.

Окуя 2013-жылы болгон. Калия Арабекова аттуу келин аны «алимент алып келдик» деген шылтоо менен Талас облустук сотунун сот аткаруучулары Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев чакырып кетип, зордукташканын айткан.

Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча («Топтошуп зордуктоо») иш козголуп, ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылганы менен камакка алынган эмес жана кийин акталган.

Арабекова соттолуучулар тиешелүү жазасын алышын талап кылууда. (RK)