Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун жалгыз уулу Сердар Бердымухаммедов Ахал провинциясынын башчысы болуп дайындалды.
Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги 17-июнда кабарлагандай, аны аймакка жетекчи кылуу тууралуу буйрукту атасы, президент Гурбангулы Бердымухаммедов чыгарды.
Ахал провинциясы - мурдагы Ашхабад облусу. Быйыл январдан бери 37 жаштагы Сердар Бердымухаммедов облус жетекчисинин орун басары болуп иштеп келаткан. Ал куралдуу күчтөрдүн подполковниги.
2016-жылы президенттин уулу түркмөн парламентине депутат болуп шайланган. 2018-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген. Мындан тышкары да бир катар кызматтарга дайындалган.
Байкоочулар ал атасы менен коомдук иш-чараларга көп чыга баштаганын айтышууда. Өлкөнүн расмий кабарларында аны «элдин уулу» деп аташат. Аны «Аркадагдын» мураскери деп мүнөздөгөндөр да бар.