Түндүк Македония менен Албаниянын Европа Биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр октябрга калды. Мындай чечим Евробиримдиктеги мамлекеттердин тиешелүү министрлеринин 18-июнда Люксембургда өткөн жыйынында кабыл алынды. Буга убакыттын тардыгы, так жана маңыздуу чечим кабыл алыш үчүн бул маселеге октябрда кайтып келүү зарылдыгы себеп болгону айтылды.
Евробиримдиктин шаркетти кеңейтүү боюнча комиссары Йоханнес Хан басма сөз жыйынында катышуучулардын көпчүлүгү сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү жылышын колдогонун билдирди:
- Тилекке каршы Албания менен Түндүк Македониянын Евробиримдикке кошулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү бүгүн баштоо тууралуу Еврокомиссиянын сунушу колдоо тапкан жок. Аны кубаттагандар аз болуп калды.
Хан азыр четке кагылган демилге октябрда колдоо табарына ишенерин кошумчалады.
Балкан жарым аралындагы бул эки өлкө реформаны ишке ашыргандыктан, аларды уюмга кошуу боюнча аракеттерди тез арада баштоону Еврокомиссия өткөн айда сунуш кылган.