Жалал-Абадда кыргыз-өзбек жаштарынын фестивалы башталды

Фестивалдын катышуучулары. 20-июнь, 2019-жыл.

Жалал-Абадда кыргыз-өзбек жаштарынын катышуусунда үч күндүк фестиваль башталды.

Өзбекстандын Наманган, Анжиян, Фергана облустарынан жана Кыргызстандын Ош, Баткен облустарынан чогулган жаштар катышкан «Жаштар үчүн чек ара жок» аттуу фестиваль үч күн уланат.

Чек ара тилкесинде жашаган жаштардын мамилесин жакындатуу жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты арттыруу максатында уюштурулуп жаткан иш-чара Жалал-Абад шаарында жана Токтогул районунда өтөт.

Анын жүрүшүндө миграция, туризм жана билим берүү жаатындагы маселелер бирге талкууланып, кыргыздын улуттук каада-салттары жана маданияты жайлоодо көрсөтүлөт.

Эки өлкөнүн 150дөн ашык жаштары катышып жаткан фестивалды өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты, Токтогул райондук администрациясы ЮНИСЕФ жана ПРООН менен бирге өткөрүүдө. 20-июнда Жалал-Абад шаарынан башталган иш-чара 22-июнда Токтогул районунда жыйынтыкталат. (RsK)