«Республика - Ата Журт» мамлекеттештирилген объектилерди башкарууну талкуулайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттеги "Республика – Ата Журт" фракциясы бүгүн, 21-июндагы жыйынында мамлекеттештирилген объектилер боюнча маселени карайт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында мамлекеттештирилген объектилерден тышкары мамлекеттик ишканаларды, акционердик коомдорду башкаруунун натыйжалуулугу ортого салынат.

Маалымат берүү үчүн жыйынга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Эсептөө палатасынын жетекчилери, каржы жана экономика министрлери чакырылган. (NT)