Бишкек ИИБ: Милиционер балтаны уурдаган эмес (видео)

Милиция балта уурдап жатат деп айтылган тасмадан алынган кадр.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы милиция кызматкери жеңине балтаны бекитип жатканы тартылган социалдык тармактардагы видеону комментарийледи.

Мекеменин билдиргенине караганда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити өтүп жаткан күндөрү кызматкерлер чоң жолдордун жээгин күнү-түнү күзөтүшкөн.

Көчөлөрдүн биринде алар кафе ээсине кайрылып, тамакты жылытып алуу үчүн идишин жана отун жарып алуу үчүн балтасын алып турууну суранган. Кафенин кожоюну милиционерди чарбанын короосуна кирүүгө жана ал жерде балта издөөгө уруксат берген. Милиция кызматкери балтаны таап, кафедеги жайкын тургундар арасында түшүнбөстүк жаратпаш үчүн жеңине кыстарып чыккан.

Милиция мындан сырткары кафе ээсинин балта уурдалганын төгүндөгөн видеокайрылуусун да таратты. Анда ал милициянын жүйөсүн бекемдеген.

Мурдараак айрым басылмалар посттордун биринде турган милиция кызматкери кафелердин биринен балта уурдап кетенин жазган. Видео социалдык тармактарда тараган. (ErN)